Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Джунушалиев менен Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусу өттү.

Россия Федерациясы менен, атап айтканда, боордош шаарлар жана өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкууладык.

Иштин ар кандай тармактары боюнча шаарлар ортосунда тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдиришти.