6-октябрда Бишкек-Ысык-Ата жолунда 50 чакырым аралыкка “Ысык-Ата падышасы” эл аралык веложарыш болуп, ага Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан келген спортчулар катышты. Жалпысынан жарышка жүздөн ашык адам катышты.

«Жеңиш» спорт мектебинин тарбиялануучулары да жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, түрдүү номинациялар боюнча байгелүү орундарды ээлешти.

"Элит" категориясында:
I орун – Данияр Велямов (АРБӨСМ);
II орун – Аймал Ромал (АРБӨСМ);
III орун – Евгений Сладков (РК).

"Кыздар" категориясында:
I орун – Алимина Чалова (АРБӨСМ);
II орун – София Бабунова (АРБӨСМ);
III орун – Алла Вороная (АРБӨСМ).

"Сүйүүчүлөр" категориясында:
I орун – Уларбек Сакитаев (АРБӨСМ);
II орун – Александр Лось (РК);
III орун – Актан Молдобеков (КР).