Свердлов райондук администрациясынын башчысынын орун басары Асел Садыкованын төрагалыгы алдында Балдар иштери боюнча комиссиянын (БДК) кезектеги жыйыны  өттү.

Жыйынга үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн  адистери, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын атайын күзөт кызматынын жол инспекторлору, ошондой эле комиссиянын курамына кирген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Комиссиянын отурумунда бекитилген күн тартибине ылайык, убактылуу интернаттык мекемелерге жайгаштыруу, мүлктүк мүнөздөгү маселелер, балдар арасындагы укук бузуулар боюнча 45 материал каралды.

Бардык материалдардын негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, үй-бүлө менен жекече иш жүргүзүүнүн пландары жана балдарды коргоо боюнча жеке пландар бекитилди.