Шаарда жолдорду жана тротуарларды оңдоо жана куруу иштери активдүү уланууда.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы А.Сүйүмбаев көчөсүн Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин 2024-жылга карата титулдук тизменин алкагында капиталдык оңдоодон өткөрүүдө.

Учурда Москва көчөсү менен Чүй проспектисинин ортосундагы тилкедеги иштер аяктап, жол кыймылы үчүн ачылды.

Ошентип, Чүй проспектисинен А.Огонбаев көчөсүнө чейинки тилкеде шагыл мастикалык асфальт-бетон аралашмасы төшөлүп, жол белгилери чийилди. Жакынкы күндөрү аталган участокту унаалар үчүн ачуу пландалууда.

Жибек-Жолу проспектиси менен А.Огонбаев көчөсүнүн ортосундагы тилкеде "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын иши уланууда, андан кийин бордюр орнотуу иштерин баштоо пландалууда.