Бүгүн, 2024-жылдын 10-октябрында, “Газпром балдар үчүн” спорттук-эс алуу комплексинде Мектеп лигасынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул маанилүү окуя борбор калаанын бардык райондорунан мектеп окуучуларын чогултту.
Иш-чаранын катышуучуларына Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамканов куттуктоо сөзү менен кайрылып, өсүп келе жаткан муундун өсүп-өнүгүшүнө спорттук билим берүүнүн маанисин баса белгиледи.
Ошондой эле КР Маданият министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт башкармалыгынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Замир Бекмурзаев сөз сүйлөп, «Мектеп лигасынын» балдар арасында спорттук маанайды чыңдоого кошкон салымын белгиледи.
«Мектеп лигасы» 7-жыл катары менен өткөрүлүп, быйыл ага 16 миңден ашык бала катышууда. Спорттук иш-чаралар футзал, волейбол, баскетбол, гандбол, жеңил атлетика, шахмат, стол тенниси, тогуз-коргоол, ордо, бадминтон, балдар үчүн жеңил атлетика, регби жана дартс сыяктуу 13 дисциплинаны камтыйт.
Уюштуруучулар бул спорттук сезон жаш спортчулардын жашоосунда көңүлдүү этап болуп, шаардын спорттук салттарын бекемдөөгө жардам берет деп күтүшөт.