Шаардыктардын жана борбордун конокторунун ыңгайлуулугу үчүн "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы Чоң Чүй каналын бойлой Абдрахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейинки жолдун түштүк тарабындагы "Алга" спорт комплексине (буга чейин "Эмгек резервдери") баруучу жолду капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө.
Буга чейин демонтаждоо жана жер иштери, бордюрларды, ирригация системасын орнотуу, ошондой эле унаа токтотуучу жайларды уюштуруу иштери аяктаган.