Бишкек шаарында коомдук транспортто жүрүүдө жол кире акысы көтөрүлбөйт, накталай эмес төлөм аркылуу – тулпар картасы, электрондук капчыктар, банк карталары аркылуу төлөм жүргүзүүдө тариф 17 сомду түзөт.
Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтому менен бекитилген колдонуудагы тарифке ылайык, муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жүрүү наркы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай формада 20 сом. Накталай жана накталай эмес төлөм формасынын айырмасы 3 сом.
Накталай төлөөнү жогорулатуу борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугу үчүн. Бул жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз, сапаттуу ташууну камсыз кылат жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүн берет.
Накталай төлөгөндө айдоочуга тоскоолдук жаралат, ошол эле учурда анын сол чөнтөгүн толтурабыз. Айдоочулар көздөрүн жолдон ала качып, планды толтуруу үчүн жарышып, ошол эле учурда кырсыктарга учурап жатышат. Жаңы автобустардын кырсыкка учурашы, чыгымдарды гана алып келбестен, жүргүнчүлөрдүн ден соолугуна да таасир тийгизет.
Мындан тышкары, айдоочулар жарышып, жол кыймылынын эрежесин дагы бузуп келишет.
Мэрия бул маселенүү чечүү үчүн накталай төлөмдү көтөрүү сунушун коомдук талкууга койду.
Ошондой эле, бир билет менен белгилүү бир убакыттын ичинде автобустарды алмаштыруу жасоого мүмкүндүк берген тарифти киргизүү пландаштырылууда.
Шаардык муниципалитет долбоорду иштеп чыгууда бардык сунуш, пикирлерди эске алат.