Свердлов районунда транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддер уланууда.

Алсак, 4-топтогу мүлк салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу муниципалдык администрация мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын ИИБнын патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөн адамдарды аныктоо боюнча  рейддерди өткөрдү.

Натыйжада 180 унаа токтотулуп, айып салуу боюнча 8 акт түзүлдү.

Эскерте кетсек, транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 2024-жылдын 1-сентябрында аяктаган. Транспорт каражаттарына салыкты төлбөгөндөр үчүн айып пулдар каралган: жеке жактарга - 1000 сом, юридикалык жактарга - 5000 сом.

Урматтуу унаа ээлери! Салыктарды өз убагында төлөөңүздөрдү суранабыз.