Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу климаттык абалды жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө көчмө жыйын уюштурду.

"Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын директору Нурлан Жумалиев Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча Ведомстволор аралык комиссияны санитардык полигондун аймагында кыртышты рекультивациялоо жана катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча иштер менен тааныштырды.

Алсак, полигондун токой аянттарына 3 миңге жакын жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду.

Сыйымдуулугу 2 миллион кубометр болгон сорттолгон таштандыларды чыгаруу үчүн уяча салынды.

Андан соң ведомстволор аралык комиссиянын катышуучуларына "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын балансында турган экологиялык жактан таза, газомотордук автобустар көрсөтүлдү.

"БШТ" муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров мониторинг бөлүмүн жана жаңыдан түзүлгөн коопсуз кыймыл классын көрсөтүп, автобус айдоочуларын кандай критерийлер менен жумушка алып жатканын айтып берди.

Айдоочуларды окутуу үчүн сатып алынган стимуляторлордун иши көрсөтүлдү.

Комиссия ошондой эле "БШТ" МИнин газ куюучу станциясынын иши менен таанышты.

Белгилей кетсек, иш-чара "Климат жумалыгынын" алкагында өткөрүлдү.