Свердлов районундагы  Ак-Терек 3 көчөсүндөгү канализациялык коллектордон тыгын пайда болуп, суу сыртка агып чыга баштаган.

Тыгындын себеби малдын ичеги карыны,  калдыктар, тиричилик ж.б. таштандылары жана кийим-кече толуп калгандан улам  болгон.

Муниципалдык инспекция, "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы менен бирге  тургундардын кайрылуусу боюнча аталган аймакта комиссиялык кароо уюштурду.

Жергиликтүү тургундардын билдирүүсүнө ылайык, окуянын себеби мал союучу цехтин кызматкерлеринин таштандыларга туура эмес мамиле жасоосунан улам келип чыккан. "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын жумушчулары канализация системасын тазалап, калыбына келтирди.

Эреже бузгандарга карата  жеринде акт түзүлүп, Муниципалдык инспекция тарабынан  жеке ишкер "С.С. М"  карата КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115 жана 114-беренелери боюнча жалпы суммасы 36 000 сомду түзгөн айып протоколу түзүлгөн.

Мал союучу цехтин кызматкерлерине  мындан ары тартип бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.