2024-жылдын 2-октябрынан 7-октябрына чейин Самарканд шаарында (Өзбекстан) Өзбекстан Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучуларынын жаркын элесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык турнири болуп өтүп, ага АРБӨСМнин тарбиялануучулары катышып, жогорку даярдыктарын көрсөтүп, байгелүү орундарга ээ болушту.
Бул турнир жаш спортчулар үчүн көндүмдөрүн бекемдөөгө жана баалуу атаандаштык тажрыйбасын алууга мүмкүндүк берген маанилүү этап болду. Турнирдин негизги максаты күчтүү оор атлетчилерди аныктоо гана эмес, КМШ жана Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо, ошондой эле жаштар арасында оор атлетиканы жайылтуу болгон.
Турнир Өзбекстандын Оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулган.
Белгилей кетсек, АРБӨСМнин окуучусу Жеңишбек уулу Нургазы жакшы жыйынтык көрсөтүп, мелдештин чемпиону болгон. Бул мелдеште оор атлетика боюнча АРБӨСМнин командасы катышкан командалардын ичинен 1-орунду ээледи. Мелдешке жалпысынан мектептен 19 спортчу катышып, көпчүлүгү байгелүү орундарга ээ болушту.
Чоңдор арасында жеңүүчүлөр:
I - орун Жеңишбек уулу Нургазы 73 кг салмакта;
I - орун Нурланбек уулу Нурчолпон 81 кг салмакта;
I – орун Жолдошкулов Айтегин 89 кг салмакта;
I – орун Эрмек уулу Эрбол + 89 кг салмакта;
II - орун Марсов Бекназар 67 кг салмакта;
II орун – Туратбеков Талант 73 кг салмакта;
II – орун Абдыкалыков Рухшат 89 кг салмакта;
II – орун Кадырахунов Илхам + 89 кг салмакта;
Жогорку класстагы балдар арасында жеңүүчүлөр:
II – орун Калдыбаев Айдин 49 кг.
II - орун Жакыпбеков Темирлан 73 кг.