2024-жылдын 10 - октябрында саат 9:00 - 00:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү төмөнкү көчөлөрү менен чектелет:
* Ала-Арча суусу- темир жол - Жибек -Жолу пр. - Ж. Гвардия бульвары;
* Ж. Гвардия бульвары - темир жол –Фрунзе көчөсү.– Манас проспектиси;
* Д. Сяопин проспектиси - Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев– Кулиев –
Москва –Фучик –Казаков көчөлөрү;

Ичүүчү суу «Запад-2» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын  суранат.