Ушуну менен Бишкек шаарынын мэриясы укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталышы жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу жөнүндө кабарлайт.

1. Сунушталган жөнгө салууну чечүүгө багытталган көйгөйлөрдүн сыпаттамасы (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 «Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө» токтому менен бекитилген колдонуудагы тарифке ылайык, муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жүрүү наркы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай формада 20 сом. Накталай жана накталай эмес төлөм формасынын айырмасы 3 сом.

Калкка жол кирени электрондук төлөө системасын пайдаланууга дем берүү максатында жол кире акысын накталай түрдө көбөйтүү сунушталууда.

Ошондой эле, бир билет менен белгилүү бир убакыттын ичинде которууларды жасоого мүмкүндүк берген тарифти киргизүү пландаштырылууда.

2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана көйгөйлөрдү чечүү ыкмасын баяндоо:

Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда жол кирени электрондук төлөө системасын пайдаланууда калкка дем берүү максатында, ошондой эле эксплуатациялык чыгымдарды жана инфляциянын деңгээлин эске алуу менен накталай формада жүрүү тарифин жогорулатуу.

Борбор калаанын тургундарын жана конокторун үзгүлтүксүз, сапаттуу ташууну камсыз кылуу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу.

3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдаларын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болсо, тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Муниципалдык автотранспорт ишканаларынын экономикалык абалын эксплуатациялык чыгымдарды жана инфляциянын деңгээлин эске алуу менен жакшыртуу.

Муниципалдык ишканаларга келип түшкөн акча каражаттарынын ачыктыгын камсыз кылуу жана жарандарга бир автобустан экинчи автобуска которууда ыңгайлуулуктарды түзүү.

4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерге баа берүү (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Терс кесепеттерге алып келбейт.

5. Сунушталган жөнгө салуунун адресаттарынын - ишкердик субъекттеринин санына мүнөздөмө жана баа берүү:

Азыркы учурда Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууну Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине караштуу «Бишкек шаардык транспорт», «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» жана «Бишкек троллейбус башкармалыгы»
3 муниципалдык ишканасы ишке ашырат.

6. Сунушталган жөнгө салуунун аны киргизүү менен байланышкан кошумча чыгымдарын жана потенциалдуу адресаттарынын пайдасын болжолдуу баалоо:

Ушул токтомдун долбоорун кабыл алуу менен ишкердик субъекттер кандайдыр бир кошумча чыгымдарды тартпайт.

7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү менен байланышкан жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдасын болжолдуу баалоо:

Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун ушул долбоорун кабыл алуу республикалык жана жергиликтүү бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.

Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет:

1. Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси:

- аталган маселелер туурабы, жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;

- көрсөтүлгөн максатка жетүү үчүн маанилүү, негиздүү болобу;

- көйгөйлөрдү чечүүнүн сунушталган ыкмасы (жөнгө салуу) эң артыкчылыктуубу;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар болушу мүмкүн;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер болушу мүмкүн;

- көйгөйлөрдү чечүүнүн альтернативдүү натыйжалуу жолдору барбы;

- сунушталган жөнгө салуу боюнча жалпы пикир.

2. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалыматтар.


_____________________________________________________________

(тексттик сүрөттөө үчүн жер)



Билдирүүдөгү маалыматты талкулоо үчүн мөөнөтү жана байланыш каражаттары:

1. Сунуштар кабыл алынат:


- электрондук почта аркылуу

e-mail:

dt@meria.kg

- почта дарегине

Бишкек ш., 7- Апрель көчөсү, 4а. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспортук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана 53-26-70 телефон номери боюнча 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

2023-жылдын 19-октябрына чейин

3. Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү

2023-жылдын 24-октябрына чейин