2015-жылдын июль айында Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратында Укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү жана коррупцияга каршы чара көрүү бөлүмү ачылып, коррупциялык көрүнүштөрдү жана коркунучтарды өз алдынча таап чыгып, материалды укук коргоо органдарына тапшырып келет.
Ошол эле учурда коррупция маселеси боюнча УКМК, ИИМ, прокуратура менен бирдиктүү аракет көрүлүп келет.
Аталган бөлүм ачылгандан бери бир топ системалык тартип бузуулар ачыкка чыгып, тапшырылган материалдар боюнча кылмыш иштери козголгон.