Социалдык тармактарда борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги айрылганы тууралуу маалымат кызуу тараган.

Окуя болгон жерге мэрдин орун басары  Рамиз Алиев жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору барып, КР мамлекеттик желеги бүтүн экени аныкталган.

Муниципалитет ЖМКларда жана социалдык тармактарда текшерилбеген маалыматтарды таратуу учурлары көбөйүп жатканын белгилейт.

Маселен, 2024-жылдын 2-январында жалпыга маалымдоо каражаттарында «Ала-Тоо аянтында жаңы желек орнотулду. Анда 40 нурдун ордуна 39 нур бар»  деген маалымат пайда болгон.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрында жалпыга маалымдоо каражаттарында «Жибек-Жолу проспектисиндеги жолдун оңдолушуна нааразы болгон шаар тургунунун» кайрылуусу жарыяланган.

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда Фейсбук социалдык тармагында борбор калаага унаа токтотуучу жай курууга жер тилкелерин бөлүп берүү талаптары жазылган билдирүү жарыяланган.

Белгилей кетсек, кийин билдирүүлөр тастыкталган жок жана расмий органдар төгүндөө жарыялаган.

Кыргыз Республикасынын  “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн ылайык, Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматтарды жайылтууга жол берилбейт.
Бишкек шаарынын мэриясы коомчулукту адаштырбоого жана туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырат. Тигил же бул маалыматты расмий тастыктоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматтык саясат бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Маалымат үчүн: “Ала-Тоо” аянтындагы желек “Тазалык” ишканасынын балансында,  2023-жылы ишкана тарабынан 17 жолу реставрация жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги 6 жолу алмаштырылган.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жана мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду күтүүнүн тартиби "Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду күтүү тартиби жөнүндө" жобо менен белгиленет.