Бүгүн, 2024-жылдын 4-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин Ачык Балдар Дельфий оюндарынын жабылыш аземи өттү.

Жабылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева куттуктоо сөз сүйлөдү.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева өз кайрылуусунда жаштар арасында маданиятты жана искусствону өнүктүрүү үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле оюндардын бардык катышуучуларына, уюштуруучуларына жана конокторуна ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле КР Дельфий комитетинин төрагасы Анарбек Ибраев жана Эл аралык Дельфий комитетинин директору Владимир Понявин сөз сүйлөштү.

Ошону менен бирге делегация башчыларына КМШга мүчө-мамлекеттердин Ачык Балдар Дельфий оюндарына активдүү жана ийгиликтүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык каттары тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чара  категориялар боюнча алтын медалдарды багындырган таланттуу балдардын гала-концерти менен аяктады.

Ачык Балдар Дельфий оюндары КМШ өлкөлөрүнүн жаш таланттарынын ортосундагы маданий алмашуу жана достукту чыңдоо аянтчасы болуп калды.

Бир нече күн бою катышуучулар өздөрүнүн маданий мурастары менен бөлүшүп, таймашып, чыгармачылыктарын өнүктүрүштү.

Бишкекте өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин  Дельфий оюндары-маданий байланыштарды бекемдөөгө жана балдардын чыгармачылыгын эл аралык деңгээлде өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.