Бүгүн, 2024-жылдын 4-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин Ачык Балдар Дельфий оюндарынын алкагында эл аралык конференция болуп өттү.

Конференцияда куттуктоо сөздөрү менен Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле Эл аралык Дельфий комитетинин директору жана КМШга мүчө-мамлекеттердин Дельфий оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча координатору Владимир Панявин сөз сүйлөштү.

КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын ортосундагы маданий алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешип, жаш муундарды тарбиялоодо мындай иш-чаралардын ролун баса белгилешти.

Конференциянын негизги темалары КМШ өлкөлөрүндөгү балдардын жана жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, таланттуу жаш аткаруучуларды колдоо, ошондой эле катышуучу мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо болду.

Баяндамачылар Дельфий оюндары жөндөмдүүлүктү ачуу жана тажрыйба алмашуу үчүн уникалдуу аянтча экенин, бул эл аралык деңгээлдеги маданий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгилешти.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын №4 балдар искусство мектеби менен Воркута шаарынын Балдар искусство мектебинин ортосунда жана Маданият башкармалыгынын №4 балдар искусство мектеби менен «Коми Республикасынын башчысына караштуу гимназия» мамлекеттик билим берүү мекемеси ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.

Конференция КМШнын ар кайсы өлкөлөрүнөн маданият жана искусство тармагындагы адистерди, командалардын жетекчилерин чогулткан Дельфий оюндарынын программасындагы маанилүү окуя болуп калды.