Бишкекте,  2024-жылдын 6-октябрында   дуатлон боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт, ал 2024-жылдын спорттук сезонунун жыйынтыктоочу этабы болот.

Мелдешке ар кандай спорттук мектептерден жана триатлон секцияларынан кесипкөй спортчулар жана командалар катышат.

Мелдештерге байланыштуу төмөнкү жолдор убактылуу жабылат:

Масалиев пр. (Түштүк Магистраль) — Түндүк тилкеси (батышка карай багыт) Байтик Баатыр көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин, саат 6:00дөн 11:00гө чейин жабылат.
Безымянный көчөсү (парктардын ортосунда) — 5:00дөн 14:30га чейин.
Токтоналиев көчөсү (Масалиев проспектисинен Безымянный көчөсүнө чейин) — 6:00дөн 12:00гө чейин.

Маршрутуңузду алдын ала пландаштырууну жана ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн убакыт чектөөлөрүн эске алууну сунуштайбыз. Альтернативдүү айланма жолдор уюштурулат.

Иш-чаранын уюштуруучусу: "Кыргыз Республикасынын триатлон Федерациясы" КБ.

Маалымат: Триатлон үч циклдик дисциплинаны бириктирген олимпиадалык спорт түрү: сууда сүзүү, велосипед тебүү жана чуркоо. Триатлон үч дисциплинаны тең белгилүү бир убакытка чейин үзгүлтүксүз аткаруу керек экендиги менен мүнөздөлөт.

Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясы 2015-жылдын 1-апрелинде түзүлүп, Улуттук Олимпиада комитети жана Эл аралык триатлон союзу тарабынан расмий федерация катары таанылган. Ал ошондой эле 2015-жылдан бери Азия триатлон конфедерациясынын жана 2019-жылдан бери Борбордук Азия триатлон ассоциациясынын мүчөсү.