Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин Ачык Балдар Дельфий оюндарынын алкагында “Эл аспаптары”, “Көркөм кол өнөрчүлүк”, “Элдик бий” жана “ Сүрөт искусствосу” номинациялары боюнча сынактын экинчи туру өттү.

КМШ өлкөлөрүнүн жаш таланттары өз өнөрлөрүн көрсөтүп, маданий тажрыйбалары менен бөлүшүп, мамлекеттер ортосундагы достук байланышты чыңдады.

Сыйлык тапшыруу аземи А.Осмонов атындагы китепканада жана “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда өткөрүлдү.

Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева өз сөзүндө  катышуучуларды ийгиликтери  менен куттуктап, маданий алмашуу жана элдердин достугун чыңдоо үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Экинчи турдун жыйынтыгы менен калыстар тобу бардык катышуучулардын  жогорку деңгээлде даярданып келгенин баса  белгилешти. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана алтын, күмүш, коло медалдар тапшырылды.