2024-жылдын 3-октябрында «Ала-Тоо» ресторанында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин жаш таланттарынын арасында өтүп жаткан Ачык Балдар Дельфий оюндарынын алкагында «DJ» категориясы боюнча мелдеш өттү.

Сынакка таланттуу жаш ди-джейлерден жетөө катышып, иш-чаранын жүрүшүндө музыкалык тректер менен иштөө, оригиналдуу комплекттерди түзүү жана ритмди башкаруу боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты.

Ачылыш аземина Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө жаштардын чыгармачылык аракетин колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай иш-чаралар маданий алмашууну жана жаш таланттардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүдө негизги ролду ойноорун белгиледи.

Салтанатка маданий жана чыгармачыл уюмдардын өкүлдөрү да катышып, ди-джейликтин заманбап музыкалык тенденция катары маанилүүлүгүн белгилешти.

Сынактын катышуучулары заманбап технологияларды жана ди-джейликке креативдүү ыкмаларды колдонуу менен түрдүү музыкалык чыгармаларды тартуулашты. Ар бир катышуучу тректерди аткарып гана тим болбостон, көрүүчүлөр менен активдүү баарлашып, кеченин өзгөчө атмосферасын түзүп, жогорку деңгээлдеги даярдыктарын көрсөтө алышты.

Калыстар тобунун курамына музыка тармагындагы кесипкөй адамдар мүчө болуп, сынактын катышуучуларынын таланты, оригиналдуулугун, техникалык чеберчилигин жана заманбап тенденцияларга жооп берген бир бүтүн музыкалык чыгармаларды жаратуу жөндөмдүүлүгүн белгилешти. Сынактын жыйынтыгы менен жеңүүчү аталган катышуучулардын аткарууларын конкурстун жабылуу аземинде уга алышты.

КМШга мүчө-мамлекеттердин Ачык Балдар Дельфий оюндары өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоону улантууда жана жаштардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө салым кошуп, аларга искусствонун түрдүү тармактарында, анын ичинде ди-джейликте тажрыйба алмашуу жана өзүн көрсөтүү үчүн аянтча менен камсыз кылууда.