КМШга мүчө-мамлекеттердин Ачык Балдар Дельфий оюндарынын алкагында «Жаңдоо тилиндеги ырлар», «Эстрадалык ырдоо», «Элдик ырдоо» жана «Классикалык гитара» номинациялары боюнча экинчи тур жана сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын бир нече көрүнүктүү маданий мекемелеринде болуп, жети өлкөнүн: Россия Федерациясынын, Украинанын, Беларустун, Казакстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жети областынын талантуу балдары катышты.

Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Классикалык гитара” номинациясы боюнча сынактын экинчи этабы өттү.

Катышуучулар аспапта өз чеберчилигин көрсөтүп, тандалган чыгармалардын татаалдыгы жана аткаруу техникасы менен калыстар тобун таң калтырышты. Жеңүүчүлөр өз өнөрлөрү үчүн жогорку баага ээ болуп, калыстар тобу алардын талантына суктангандыгын билдиришти.