КМШга мүчө-мамлекеттердин Ачык Балдар Дельфий оюндарынын алкагында «Жаңдоо тилиндеги ырлар», «Эстрадалык ырдоо», «Элдик ырдоо» жана «Классикалык гитара» номинациялары боюнча экинчи тур жана сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын бир нече көрүнүктүү маданий мекемелеринде болуп, жети өлкөнүн: Россия Федерациясынын, Украинанын, Беларустун, Казакстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жети областынын катышуучулары катышты.
«Эстрадалык ырдоо» номинациясынын экинчи туру №4 балдар искусство мектебинин сахнасында өттү. Жаш категориясы боюнча катышуучулар ар түрдүү вокалдык чыгармаларды аткарышты, алардын арасында калыстар тобунун өзгөчө көңүлүн улуттук стилде аткарылган номерлер бурду.
Сынактын катышуучулары жогорку деңгээлдеги вокалдык жөндөмдүүлүктөрүн гана эмес, артисттик чеберчиликти да көрсөтүп, алардын аткаруусундагы өзгөчө атмосфераны тартуулаганы белгиленди.

Сыйлоо аземи жеңүүчүлөргө медалдарды жана грамоталарды салтанаттуу тапшыруу менен аяктады. Калыстар тобу да балдарды сынакка даярдоодо чоң роль ойногон мугалимдердин жана ата-энелердин салымын белгилеп, бардык катышуучуларга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.