КМШга мүчө-мамлекеттердин Ачык Балдар Дельфий оюндарынын алкагында «Жаңдоо тилиндеги ырлар», «Эстрадалык ырдоо», «Элдик ырдоо» жана «Классикалык гитара» номинациялары боюнча экинчи тур жана сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын бир нече көрүнүктүү маданий мекемелеринде болуп, жети өлкөнүн: Россия Федерациясынын, Украинанын, Беларустун, Казакстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жети областынын катышуучулары катышты.


А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында “Элдик ырдоо” номинациясы боюнча сынактын экинчи туру өттү. Катышуучулар элдик ырларды   чеберчилик менен аткарып, улуттук каада-салтты терең түшүнүп, урматтаганын көрсөтүштү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр тандалып, ар кандай даражадагы грамоталар жана медалдар менен сыйланышты жана алардын аткаруулары өзгөчө чеберчилик менен айрымаланды.