КМШга мүчө-мамлекеттердин Ачык Балдар Дельфий оюндарынын алкагында «Жаңдоо тилиндеги ырлар», «Эстрадалык ырдоо», «Элдик ыр» жана «Классикалык гитара» номинациялары боюнча экинчи тур жана сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Иш-чара Бишкек шаарынын бир нече көрүнүктүү маданий мекемелеринде болуп, жети өлкөнүн: Россия Федерациясынын, Украинанын, Беларустун, Казакстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жети областынын катышуусунда өтүп, көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду.

“Таберик” балдар музыкалык театрында “Жаңдоо тилинде ыр аткаруу” номинациясы боюнча сынактын экинчи этабы өттү. Катышуучулар өздөрүнүн үн чеберчилигин гана эмес, дене кыймылы аркылуу эмоционалдык көрүнүштөрүн да көрсөтүп, калыстар тобун абдан таң калтырды.

Сынактын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталып, калыстар тобу катышуучулардын жогорку деңгээлдеги даярдыгын, чыгармачылыгын, чеберчилигин бир добуштан колдошту.