Кыш мезгилинде элди үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында "Бишкексууканал" ишканасы тарабынан суу алгычтарда оңдоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

2024-жылдын 7-октябрында саат 9:00дөн 21:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
М.Фрунзе көч., Манас пр., Жибек Жолу пр., Турусбеков көч., Баялинов көч., Абдрахманов көч.

Белинский суу алгыч жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.