П.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде КМШга мүчө-мамлекеттердин Ачык балдардын Дельфий оюндарынын экинчи туру жана оюнга катышуучуларды сыйлоо аземи өттү.

«Фортепиано» жана «Скрипка» номинацияларына Шериктештиктин ар кайсы өлкөлөрүнөн   терең музыкалык маданиятты көрсөткөн таланттуу жаш музыканттар тартылды.

Конкурстук кароо сынактар бир нече этап менен өтүп, анын жүрүшүндө катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын, чыгармачылык жана эмоционалдык экспрессивдүүлүктү көрсөтүштү.

Жаш пианисттердин жана скрипкачлардын оюну калыстар тобун эле эмес коомчулукту да кубандырды.

Сыйлык тапшыруу аземине Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев катышты.

«Фортепиано» жана «Скрипка» номинациялары боюнча жеңүүчүлөргө жана лауреаттарга эстелик дипломдор жана медалдар тапшырылды.

Иш-чаранын катышуучулары жана коноктору үчүн бул алардын профессионалдык карьерасындагы маанилүү этап гана болбостон, ар кайсы өлкөлөрдөн келген кесиптештер менен чыгармачылык байланыштарды түзүү, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү болду.