Кечээ, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Италияга болгон иш сапарынын алкагында Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу аземи өттү.
Документке Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен муниципалитеттин башчысы Франческа Дель Белло кол коюшту.
Бул Меморандумдун алкагында тараптар тажрыйба алмашуу жана кызматташуунун төмөнкү тармактарында шаарлар ортосундагы өз ара жакындашууну, достукту жана билимди өнүктүрүү жана колдоо үчүн инструментти түзүүгө ниеттенүүдө:
- шаарды башкаруу жана калыбына келтирүү;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү;
- билим жана маданият;
- социалдык өнүгүү;
- социалдык инклюзивдүүлүк жана инновация.