КМШга мүчө-мамлекеттердин Ачык Балдар Дельфий оюндарынын алкагында «Эстрадалык ырдоо», «Эл-аралык бий» жана «Классикалык гитара» номинациялары боюнча иш-чара өткөрүлдү.
КМШ өлкөлөрүнүн жаш таланттары өзүлөрүнүн чыгармачылык жетишкендиктерин көрсөтүп, маданий тажрыйба алмашып, катышуучулардын ортосундагы байланышты чыңдады.
КМШ өлкөлөрүнүн ар кайсы аймактарынан келген жаш бийчилердин башын бириктирген эл-аралык бий боюнча номинация “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өттү.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева куттуктоо сөз сүйлөп, балдардын чыгармачылыгы аркылуу маданий алмашуунун жана салттарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Элдик бийлер КМШ өлкөлөрүнүн маданияттарынын биримдигинин символу болду.
Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде классикалык гитара боюнча номинация болуп өттү. Катышуучулар классикалык гитарадан чыгармаларды аткаруу менен өздөрүнүн музыкалык чеберчиликтерин көрсөтүштү.
Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева бардык катышуучуларды куттуктап, негизгиси жеңиш эмес, катышуу экенин белгилеп, бардыгына чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Жаш музыканттар өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн гана көрсөтпөстөн, башка өлкөлөрдөн келген теңтуштары менен тажрыйба жана маданий салттарды алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.
Эстрадалык ыр боюнча номинация №4 балдар искусство мектебинде өтүп, катышуучулар өздөрүнүн вокалдык номерлерин тартуулашты. Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Абсамат Акунов салтанаттуу ачып, эстрадалык ырдын заманбап искусстводогу орду чоң экенин белгиледи.
Салтанаттын ардактуу коноктору Коми Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Валентина Ревунец жана Казакстан Республикасынын Улуттук Дельфий комитетинин директору Курулай Туспекова болушту. Катышуучулар эки жаш курак категориясы боюнча ат салышып, экиден ыр аткарышты. Калыстар тобу бир гана вокалдык жөндөмдүүлүктөргө эмес, артисттик чеберчиликке, сахналык кийимдерге жана сахнага чыгууларына да баа беришти.
Чыгармачыл өнүгүүгө жана эл аралык маданий кызматташууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүп берген КМШ-2024 Ачык Балдар Дельфий оюндары уланууда.