Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш таланттар арасында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Ачык Балдар Дельфий оюндарынын сынагынын биринчи туру  өттү. Мелдеш үч номинация боюнча өткөрүлдү:

- көркөм өнөр;
- элдик аспаптар;
- көркөм кол өнөрчүлүк.

Балдардын Дельфий оюндарынын ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Виктория Мозгачева катышты.

Куттуктоо сөзүндө ал бардык жаш катышуучуларды колдоорун айтып, маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

В.Мозгачева ошондой эле бул сынак КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого жардам берип, жаш таланттарга эл аралык аренада өзүн көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Балдар Дельфий оюндары балдардын чыгармачылыгын колдоо жана өнүктүрүү, маданий алмашууну жана элдердин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо миссиясын улантууда.