Бишкек шаардык прокуратурасында шаардын прокурору Канат Насиповдун төрагалыгы алдында укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңешинин жыйыны өттү.

Ага мэрдин орун басары  Талайбек Байгазиев, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев, Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Максут Калмуратов жана башкалар катышты.

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калктын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы  талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген Бишкек шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча пландык иш-чараларды ишке ашырууну күчөтүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, 2023-жылы жана 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында борбордо архитектура жана шаар куруу тармагындагы мыйзамдуулуктун абалы, ошондой эле бул багытта мыйзам бузуулар үчүн мамлекеттик көзөмөл органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Коррупциялык тобокелдиктерди четтетүү боюнча чаралар күчөтүлүп, архитектура жана шаар куруу чөйрөсүндө коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөт.