Бакыт өргөөсүнүн айланасын жакшыртуу иштери аяктады.
Жарыктандыруу жүргүзүлүп, гүлзарлар жаңыртылды жана имараттын бардык гранит бөлүгү тазаланды, ошондой эле имараттын алдындагы фонтан оңдолуп, жаңыланды.
Аны менен бирге жашыл аянт уюштурулуп, отургучтар орнотулуп, сарайдын короосуна таман таш төшөлүп, скверди автоматтык түрдө сугаруу системасы орнотулган.
Мурда бул аймак таштандыга толуп, бош болчу.
Белгилей кетсек, иш ушул жылдын июль айынын башында демөөрчүлүк каражаттын эсебинен башталган.
Учурдан пайдаланып, Бишкек шаарынын мэриясы шаарды жакшыртууга активдүү катышкандыгы үчүн кайдыгер эмес шаардыктарга ыраазычылык билдирет.