Бүгүн 2-октябрь күнү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында КМШга мүчө мамлекеттердин Балдар Дельфий оюндарынын номинацияларынын ачылыш аземи өттү.
Ачылышына Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышты.
Ал өз сөзүндө КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий алмашуунун жана балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Салтанаттын өзгөчөлүгү салттуу элдик ырлардын аткарылышы болду.
КМШ балдардын Дельфий оюндары – бул сынак гана эле эмес, жаш таланттар үчүн КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы жолугушуу, тажрыйба алмашуу жана маданий байланыштарды чыңдоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.
Бардык катышуучуларга сынактын жүрүшүндө ийгилик жана дем каалайбыз!