Бүгүн, 2024-жылдын 2-октябрында КМШга мүчө мамлекеттердин Балдардын Дельфий Ачык  оюндарынын сынактык программасынын алкагында «Таберик» балдар музыкалык театрынын концерттик залында «Ырдын жаңдоо тилинде аткарылышы» номинациясынын биринчи этабы  өттү.

Бул номинацияга жети конкурсант катышып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана чыгармачылык чеберчилигин көрсөтүп, көрүүчүлөрдү жана калыстар тобун өз таланттары менен таң калтырышты.

Ар бир аткаруу өзгөчө, эмоционалдык жана профессионалдуулук менен коштолуп, музыканын кооздугун жандоо тили аркылуу жеткирүүгө мүмкүндүк берди.

Сынактын катышуучулары ырларды гана аткарбастан, алар чыныгы жандуу образдарды жарата алышты, анын аркасында ар бир чыгарма жаңыча угулуп турду.

Жыйынтыгында калыстар тобу бардык катышуучулар конкурстун экинчи этабына өтүү чечимин кабыл алышты. Аларга мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз жана кийинки этапта тартуулай турган жаркыраган жаңы номерлерди күтөбүз!