Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан музейлерди оңдоо иштерин жигердүү жүрүп жатат.

2023-жылга карата курулуштардын титулдук тизмесинде 5 музейди, 3 маданият үйүн оңдоо пландалган.

И.Разаков үй-музейи элеваторго насосту орнотуу, Г.Айтиев музейи периметри боюнча тосмо орнотуу, А.С.Чуйков музейи жалпы ремонт иштери жана фасадды, жылуулук тармагын оңдоо, адабият жана исскуство музейи электр монтаждоо жумуштары аяктады.

7-апрель көчөсү, 159 дарегинде жайгашкан ( мурдагы “Дубровский” рестораны) Репетициялык залында жалпы курулуш оңдоо иштери аяктады.

Учурда А.Токомбаев үй-музейин жана “Диалог” маданият үйүн косметикалык оңдоо иштери уланууда.