"Бишкексууканал"   муниципалдык ишканасы кышка даярдык көрүүнүн алкагында "Северный" суу алгычында профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.

Шаардын суу алуучу жана суу түтүк тармактарын техникалык тейлөө боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ишкананын кызматкерлери "Северный" суу алуучу жайда жана ага чектеш суу түтүктөрүндө иштерди аткарып жатышат. Суу алууну токтотуу учурунда бир нече  бурама тээктер алмаштырылды,  таза суу резервуарларын жана вакуумдук камераларды тазалоо жана хлордоо, ошондой эле электр жабдууларын алдын алуу жүргүзүлгөн.

Шаардык суу түтүктөрүндө да атайын техниканын жардамы менен иштер жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаары жана Чүй облусунун бир бөлүгү сууну 37 суу алгычтан алат. «Северный» суу алгычы шаардын түндүк тарабын суу менен камсыздайт.

Анын аймагында 12 скважина бар, алар резервуарларды толтурууну камсыз кылат.