Бишкек шаарынын мэриясы "Ыйман" жана "King Salman" фонддорунун көмөгу менен райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын каттоосунда турган 263 үй- бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Ар бир үй-бүлөгө эң керектүү азыктарды камтыган 50 кг азык-түлүк топтому берилди.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү катышты.


Бишкек шаарынын мэриясы көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн кайрымдуулук фонддоруна чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Сиздин көңүлүңүз жана колдооңуз эң керектүү нерселерге муктаж болгон жарандарыбыз үчүн чоң роль ойнойт.