1-октябрда белгиленүүчү эл аралык карылар күнүнө карата шаардык муниципалитеттин бюджетинин каражаттарынын эсебинен шаардын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында каттоодо турган 3802 аз камсыз болгон улгайган тургундарына даректүү социалдык жардам көрсөтүү пландаштырылган.
Колдоонун жалпы суммасы 4528,2 миң сомду түзөт. Төлөмдөр почта бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.
Шаардын 16 жүз жылдык жашоочусуна өзгөчө көңүл бурулду. 100 жана андан улуу жаштагы улгайган жарандарга материалдык жардам көрсөтүлүп, азык-түлүк топтому тапшырылат.
Ошондой эле райондук администрациялардын башчыларынын карылардын үйлөрүнө барып келүүлөрү уюштурулду.
Мындан тышкары, Бакыт үйүндө 50 жыл же андан көп бирге өмүр сүргөн 114 жубайга материалдык жардам көрсөтүү менен иш-чара өткөрүлдү.
Бул иш-чаралар үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоонун жана улуу муундарды урматтоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.