Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Виктория Мозгачева Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен Жаштар  паркында биргелешкен көчөт отургузуу акциясына катышты.

Бул акция айлана-чөйрөнү коргоого багытталган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында шаарларды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга багытталган "Жашыл мурас" улуттук программасы активдүү ишке ашырылууда. Жыл сайын мамлекет көчөттөрдү жана бак-дарактарды отургузуу боюнча ар кандай акцияларды өткөрөт, бул экологиялык абалды жакшыртууга жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата Индиянын премьер-министри Шри Нарендра Моди Нью-Делиде ыйык инжирдин (Пипал) көчөтүн отургузуу менен көчөт отургузуу акциясын баштаган.