Муниципалдык инспекциянын инспекторлору күн сайын кыдыруу учурунда бир нече чарбакер субъекттердин кызматкерлери тарабынан арыкка самын суу  куюлуп жатканын аныкташкан.

Арыкка самын суу агызып, Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүн бузгандыгы үчүн жеке ишкер С.А. га   жана "Военторг" соода үйү протокол алган.

Эске салсак, ирригациялык тутумга, арыктарга кир суу   төккөнү үчүн салынынган айып пулдун өлчөмү ар бирине 17 000 сомду түзөт.

Ошону менен бирге чарбакер субъекттердин кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Муниципалдык инспекция шаардыктардан жана чарба субъекттерден тазалыкты жана тартипти сактап,  Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузбоону өтүнөт.