Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинде турган лифттик жабдууларды модернизациялоо программасынын алкагында, Чыгыш-5, 1/3 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн лифтин жаңылоо иштери ийгиликтүү аяктады.
Учурда акыркы техникалык текшерүүлөр болуп, эшиктерге рамка коюу иштери жүрүп жатат, андан кийин лифт пайдаланууга берилет.
Бул долбоор кызмат убактысы нормативдик мөөнөттөн ашкан лифттерди масштабдуу жаңылоого багытталган программага кирет.
Модернизациялоонун жүрүшүндө эски лифттер толугу менен алмаштырылып, бардык коопсуздук талаптарына жооп берген заманбап жабдуулар орнотулду.
Бул чаралар көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары үчүн лифттердин ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.
«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы борбордун лифт чарбасын модернизациялоо боюнча пландуу иш-чараларды ишке ашырууну улантууда.