Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тийиштүү уруксаты жок суу менен камсыздоо жана канализация тармактарына кошулуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертет. Тармактарга кошулууга техникалык шарттын жоктугу КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 120-беренеси боюнча олуттуу айып пулдарга алып келиши мүмкүн.
Муниципалдык инспекциянын инспекторлору Арча-Бешик конушунда жеке жаран уруксатсыз канализацияга кошулуу фактысын табышкан.
Эреже бузуучуга КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 120 жана 178-беренелеринин 3-бөлүгү боюнча протоколдор түзүлгөн.
Жаранды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим административдик комиссияга жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу үчүн "Бишкек башкы архитектура" жана Муниципалдык инспекцияга бирдиктүү терезе аркылуу суроо- талап менен кайрылуу зарыл, андан кийин кошуулууга акыркы уруксатты "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы берет.
Эреже бузгандарга Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы тарабынан айып пул салынат. Салынуучу айып пулдун суммасы жеке жактар үчүн 20 000 сом, ал эми юридикалык жактар үчүн – 65 000 сом.