2024-жылдын 28-сентябрында Бишкек шаарында теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинде «Ачык эшиктер күнү» спорттук майрамы өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин жетекчилери, Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин машыктыруучу курамы, спорт түрлөрү боюнча тарбиялануучулар (теннис, стол тенниси (анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн), параармрестлинг, тогуз коргоол (анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн парадзюдо), ошондой эле кулагы начар уккан жана көзү азиз балдар үчүн мектеп-интернаттын жана №21 кеч укпай калган жана кулагы начар уккан балдар үчүн мектеп-интернаттын чакырылган коноктору катышты. Катышуучулардын жалпы саны 180ден ашты.
Иш-чара «Мамлекеттик тил күнүнө» арналды. Коноктор жана катышуучулар үчүн концерттик программа жана спорт түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулуп, анда СДЮШОРдун окуучулары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн атайын мектеп-интернаттардын өкүлдөрү өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Иш-чаранын соңунда катышуучуларга медалдар жана таттуу белектер тапшырылды.