Бишкек шаарынын райондорунда Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан көп балалуу энелерге "Баатыр Эне" ордени жана "Эне даңкы"медалы тапшырылды.

Ошентип, Свердлов акимиатында район башчысы  сыйлыктар менен жылуу куттуктап, 16 энеге "Баатыр эне" орденин, 12 энеге "Эне даңкы"медалын тапшырды.

Октябрь районунда башчынын биринчи орун басары салтанаттуу түрдө 7 энеге "Баатыр эне" орденин, 6 энеге "Эне даңкы"медалын тапшырды.

Ленин районунда аким 18 энеге "Баатыр Эне" орденин, 9 энеге "Эне даңкы" медалын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Биринчи май акимиатында район башчысы сыйлыктар  менен куттуктап, 12 энеге "Баатыр эне" орденин, 6 энеге "Эне даңкы"медалын тапшырды.

Иш-чаранын соңунда энелер алган сыйлыктары үчүн ыраазычылык билдиришти, өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясы аларды "Баатыр Эне" жана "Эне даңкы" наамдары менен куттуктайт.