2024-жылдын 30-сентябрынан тарта Бишкек шаарындагы «Ата Журт» жана «Тынчтык» конуштарынын ортосунда жайгашкан Новопавловка мусулман-христиан көрүстөнүндө маркумдарды жерге берүү, жана көмүү иштери токтотулат.

Чечим Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун корутундуларынын негизинде сөөк коюлган жерди санитардык жана экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынган.

Белгилей кетсек, маркумдардын сөөгүн коюу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы шаардык көрүстөндө жүргүзүлөт.

Локация