Борбор калаадагы мектептердин директорлору менен жыйын өттү.

Жашы жете элек балдар арасында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү алдын алуу, билим берүү уюмдарында санариптештирүү жана башка маселелер талкууланды.

Иш-чарага шаардык мэриянын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, ИИМдин өкүлдөрү Каныбек Усенов жана Умида Исмаилова, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аткаруу борборунун башкы инженери Владимир Ковригин, райондук билим берүү башкармалыктарынын директорлору жана мектеп жетекчилери катышты.

Белгилей кетсек, борбор калаада 121 мектеп иштейт, анда 238 793 бала билим алат.