Жеке сектордун жашоочулары көптөгөн эскертүүлөгө карабастан тыюу салынган буюмдарды өрттөөнү улантууда.

Таштандыларды өрттөө үчүн айыпты Аламүдүн айылынын жана Ала-Тоо 2 конушунун тургундары алышкан.

Аларга КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча протокол жазылган.  Эки жеке адам тең күнөөсүн мойнуна алып, 253-берене боюнча 5 500 сомго жоопкерчилик тартат.

Өрттөө фактысы Бишкектин Чыгыш өнөр жай аймагында, ошондой эле Аламүдүн айылында аныкталды. Эреже бузгандар таштандыны да өрттөшкөн, ал үчүн 115-берененин 3-бөлүгү боюнча протоколдорду алышкан.

Айып пулдан тышкары эреже бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.