Муниципалдык инспекция белгиленбеген жерге жарнама такталарын жайгаштыргандарга айып пул салууну улантууда.

Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 107-беренесинин 3-бөлүгү боюнча белгиленбеген жерге жарнама илгендиги үчүн  "Центральная Азия" ЖЧКсына жана "Элит Спа" ЖЧКсына, ошондой эле  жеке ишкерлер  З.Э. жана Н. Н.  карата протокол түзүлүп, айып пул салынган.

Эскерте кетсек, шаар ичиндеги жүргүнчү ташуучу унааларга, имараттарга,  тосмолорго, аялдамаларга, жарыктандыруу түркүктөрүнө ар кандай кулактандырууларды,  маалыматтык билдирүүлөрдү, жарнамаларды чаптоого жана илүүгө тыюу салынат.

2024-жылдын 1-сентябрынан  24-сентябрына чейин мындай эреже бузууларга карата Муниципалдык инспекциянын инспекторлору тарабынан 43 протокол түзүлүп, салынган айып пулдун жалпы суммасы 119 000 сомду түзгөн.

Урматтуу жеке жана юридикалык жактар! Жарнаманы жайгаштыруунун алдында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелери жана Бишкек шаарынын аймагындагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө коюлуучу талаптар менен таанышып чыгыңыз.