«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы «Северный» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо.

Аталган иштердин алкагында 2024-жылдын 1-октябрында саат 9:00дөн 02:00гө чейин төмөнкү турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге  таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешкен:
- Күрөңкеев көч.,  Абдрахманов көч., Элебесов көч.,  Бельская көч., Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу пр.,  Жаш  Гвардия, БЧК,  Саадаев көч.

«Красный строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын Бешик» жана «Салам Алик»  конуштарында суу болбойт.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.