С.Жуманазаров атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жеңил атлетика бөлүмүнүн тарбиялануучулары  уландар жана кыздар арасында «Ыкчам секунддар»  жеңил атлетика мелдешине катышты.

Жалпысынан мелдешке 200дөн ашык катышуучу катышып, анын максаты Кыргыз Республикасынын аймактарында дене тарбия жана спортту жайылтуу, республиканын ар бир облусунан күчтүү спортчуларды аныктоо болгон.

Турнирдин жыйынтыгында спорт мектебинин окуучулары байгелүү орундарга ээ болушту:
- 100 метрге чуркоо:
Сулейманова Эмилия – 1-орун;
Замирова Бермет – 2-орун;
Казакбаев Айдарбек – 1-орун.

- 200 метрге чуркоо:
Эмилия Сулейманова – 2-орун.

- балдар арасында эстафета:
Литовский Руслан – 1-орун (400 м);
Шарабидинов Билал – 1-орун (800 м.).