Бишкек шаарында бильярд спорту боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин “айкалышкан пирамида” дисциплинасы боюнча чемпионаты өттү.

Иш-чара “Ачык эшиктер күнүнө” арналган.

Турнирге бильярд бөлүмүнөн 25 тарбиялануучу катышты.

Жыйынтыгында байгелерди төмөндөгүлөр алышты:
I орун – Ураимов Сыймык;
II-орун – Артур Огобаев;
III орун – Мирлан Абдыкаров;
III орун – Карагулов Улукман.

Бардык жеңүүчүлөргө дипломдор, медалдар жана баалуу белектер тапшырылды.